Эки адамды катуу сабагандар СИЗОдо камералаштары менен мушташканын четке кагышууда

Эки адамды катуу сабагандар СИЗОдо камералаштары менен мушташканын четке кагышууда

Бишкектин Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алып кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де сабалганын четке кагууда. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. 

Сулаймановдун айтымында, 20-сентябрда аталган борбордун кызматкерлери №47 түзөтүү абагына барып, шектүүлөргө жолугушкан. 

«19-сентябрда Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда Бапышов менен Сейитбеков рентгенге тартылышкан. Алардын денелери көгөргөн. Бирок шектүүлөр биздин кызматкерлерге эч кандай сабалбаганын айтышкан. Тагырагы бири керебеттен кулап, экинчиси даараткана бара жатып жыгылганын айтып,  арыз жазуудан баш тарткан”, — деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган. Свердлов райондук соту аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Бул кылмыш иштин алкагында бир нече милиция кызматкерлери жумуштан бошотуп, айрымдарына кылмыш ишин козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>