Эки адамды мыкаачылык менен сабагандар көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Эки адамды мыкаачылык менен сабагандар көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Бишкек шаарында эки адамды мыкаачылык менен сабагандар көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу шаардык милициясынын тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов маалымат жыйын учурунда айтты.

Тергөөчү ошондой эле окуя болгон күнү кылмышка шектүүлөрдү окуя болгон жерден анын милиционер бир тууган агасы алып кеткенин кошучалады.

Бүгүн, 6-августта эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков милицияга өзү келгенди тууралуу видео жарыяланды.

Белгилей кестек, үрөй учурган окуя 28-август күнү  саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагы “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында болгон.

Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович экенин аныкталып, милиция тарабынан аларга издөө жарыяланган.

Ленин райондук прокуратурасы мушташтан кийин шектүүлөрдү милиция кызматкерлери алып кеткенин маалымдаган.

Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп шектүүлөрдүн бир тууган агасы милициянын майору Б.К.га  (“Кызматт абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана (“Кылмышты жаап-жашыруу”) беренелери менен иш козгогон. Мындан башка 2 тергөөчү иштен алынып, 2 кызматкерге сөгүш берилген.

Сүрөт: Жалбырак ТВ

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>