Эки адамды мыкаачылык менен сабагандардын ИИМде иштеген бир тууган агасы кармалды

Эки адамды мыкаачылык менен сабагандардын ИИМде иштеген бир тууган агасы кармалды

Бишкектин Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен сабагандардын бир тууган агасы, Чүй облусунун уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бапышов Бишкек шаардык кайгуул кызматынын кызматкерлери менен келишип алып, кылмышка катышкан бир тууган инилерин жашырып, иштин бетин ачууга тоскоолдук кылган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган. Свердлов райондук соту аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Бул кылмыш иштин алкагында бир нече милиция кызматкерлери жумуштан бошотуп, айрымдарына кылмыш ишин козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>