Эколог: Башкача кардын жаашына Канардагы жанар тоо таасир бериши мүмкүн

Эколог: Башкача кардын жаашына Канардагы жанар тоо таасир бериши мүмкүн

Бишкекте жааган кир карга элдер таң калып бүтө албай жатат. Социалдык тармактарда ар түрдүү жооругандар пайда болду. Бири Өзбекстан менен Казакстанда болгон чаң учурган шамалдан улам кир кар болуп жатат десе, айрымдары Бишкек ЖЭБден чыккан түтүндөн улам бөлөкчө кар жаап жатат деп чыгышты.

Ал эми Reporter.kg белгилүү эколог Сергей Криворуч менен байланышканында, кардын кир болушунун бирден-бир себеби катары Канар аралдарындагы атылып чыккан жанар тоодон чыккан күлдөрдүн жана Арал деңизиндеги чаңдардан улам болушу мүмкүн деп жоромолдоду.

Ал ошондой эле Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн жана коңшу өлкөлөрдө болгон чаң шамалдардан улам кардын кирдешине алып келбестигин белгиледи.

Азырынча расмий бийлик бул боюнча эч нерсе дей элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>