Site icon Reporter.kg

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу президенттик аппаратка кызматка дайындалды (фото)

Руслан Бекназаров президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүнүн эксперти болуп дайындалды. Бул тууралуу Руслан Бекназаров өзү билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Ал экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу.

Бекназаров өлкөнүн аймактарынан жарандардан келген кайрылууларды анализдөө иштерин жүргүзөт.

Руслан Бекназаров буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган.

Exit mobile version