Экс-министр Космосбек Чолпонбаев камакка алынды

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев камакка алынды

Космосбек Чолпонбаев камакка алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Анын жүрүшүндө аталган министрликтин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталган.

Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>