Эл аралык мелдеште алтын медаль уткан офицерлер сыйланды – сүрөт

Эл аралык мелдеште алтын медаль уткан офицерлер сыйланды – сүрөт

Кикбокс  боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль уткан ИИМдин офицерлери сыйланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелден 12-апрелге чейин Түркия Республикасынын Анталья шаарында «Turkish Open Kickboxing European Cup» аталышындагы кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү. Анда Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары, улук лейтенант Авазбек Аманбеков (60 кг. салмакта) жана лейтенант Рустам Ибрагимовдор (63,5 кг. салмакта) жеңүүчү деп табылып, алтын медалдарды утту.

Буга байланыштуу 14-апрель күнү ИИМдин Ички аскерлердин колбашчысы, полковник И. Кенжекулов жеңиш ээлерин куттуктап, спортчуларга мындан ары да ийгиликтерге жетише беришин каалады.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>