Эл кайсы мамлекетте жашай тургандыгын чечиши керек — Акылбек Жапаров референдум жөнүндө

Эл кайсы мамлекетте жашай тургандыгын чечиши керек — Акылбек Жапаров референдум жөнүндө

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык Мыйзамдын айрым беренелеринин аракеттерин токтото турган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, депутаттар ушул эки беренени конституциялык реформа жүргүзгөнгө чейин, эл кайсы мамлекетте жашай тургандыгын чечкенге чейин токтото турууну сунушташууда: парламенттик же президенттик, же азыркыдай, парламенттик-президенттик.

«Бул маселе чечилгенден кийин, биз президенттик шайлоону жарыялайбыз. Ошондуктан, январь айына чейин Конституциялык реформаны жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Эгерде Конституциялык реформадан кийин өлкө жана эл парламенттик мамлекет болот деп чечсе, анда Алтынбек Сулаймановдун мыйзамы иштей баштайт (босого 3% ж.б.).

Эми биз жарандардан кайсы мамлекетте жашоону каалайбыз деп сурагыбыз келет. Эгерде ал парламенттик болсо, андагы бардык мыйзамдар буга чейин эле даяр, эгерде ал аралашып калса, көпчүлүк айткандай, Украинанын жарымы бир мандаттуу, калгандары партиялык негизде жасайлы. Бул маселелер референдум аркылуу чечилет», — деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>