Эл муктаж болгон дарыларды үйүндө кымбат баада сатып жаткан кызыл кулактар кармалды — видео

Эл муктаж болгон дарыларды үйүндө кымбат баада сатып жаткан кызыл кулактар кармалды — видео

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы жеке үйлөрдүн биринде гепарин дарысы мыйзамсыз кымбат баада сатылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Финполициянын 1955 кыска номериндеги кызуу линиясына тургундар даттанышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында дареги айтылган үйдө жашагандар ири көлөмдөгү дары-дармектерди кымбат баада жана атайын уруксат кагаздары жок сатып жатканы аныкталган.

Текшерүү үчүн 100 таңгакча (бир таңгакчада 5 ампула) гепарин 70 миң сомго (бир даанасы 700 сомдон) сатылып алынган. Турак жайдын бөлмөлөрүн кароо учурунда аталган дарынын дагы башка таңгакчалары табылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>