“Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы курултайын өткөрдү

“Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы курултайын өткөрдү

Бүгүн Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социал-саясий партиясынын курултайы болуп өттү. Курултайга партиянын аймактардагы өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер ардактуу конок катары чакырылып, “Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин бекитти.

Ошондой эле, чакырылган коноктор партиянын түзүлүү тарыхы, анын курамы менен жакындан таанышып, кеңири маалымат ала алышты.

Партия лидери Аскар Алмаз уулу курултайдын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоого элдин үмүтү, өлкөнүн жаркын келечеги, жарандардын жаркын жашоосу, жаңылануу үчүн бара жатканын айтып:

“Азыр биздин өлкө чоң өзгөрүүлөрдүн чегинде турат. Бул жерде бардык аймактан келген талапкерлер отурат. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу биз үчүн анчалык деле  кыйынчылыкты жараткан эмес. Ал эми Жогорку Кеңеш – чоң саясий арена. Биздин катарыбызда  Кыргызстандын жети дубанынан келген эр жүрөк жаш улан-кыздар бар жана биз элибиз, өлкөбүз үчүн жаркын келечек куруу үчүн бирге кадам таштадык. Биз парламентке атак-даңк, байлык топтоо үчүн эмес, өлкөнүн, элибиздин жакшы жашоосун камсыздоого салым кошуу, өзүбүздүн мекен алдындагы атуулдук парзыбызды ак ниеттүүлүк менен аткаруу максатында бара жатабыз. Биздин курам карапайым элден куралган. Жана да биздин моюнубузга миллиондогон кыргызстандыктардын, жаштардын ишеними жүктөлдү. Бул баарынан баалуу. Биз сиздердин үмүтүңүздөрдү, ишенимиңиздерди аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Мен сиздерин араңыздарда болгондугума абдан сыймыктанам. Кудай буюрса, жеңиш биздики болот. Биз программабызды, платформабызды ишке ашырабыз. Эл үмүтү аракетте!” – деп баса белгиледи

Курамын жалаң жаш жана таза адамдар түзгөн партиянын парламенттик шайлоого аттануусу, бул кыргыз саясатындагы жаңылануунун желаргысы жүрүп жатканынынын белгиси экенин айткан белгилүү коомдук жана саясий ишмер, курултайдын ардактуу коногу Медеткан Шеримкулов буларды кошумчалады:

“Кыргызстанда жаштар революцияга гана колдонулуп келген. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Жаңылануу баардык жерде болушу керек. Ошонун сыңарындай эле, кыргыз саясаты да эртедир-кечтир жаңыланып, жаш муун келет. Ал жаштар – силерсиңер! Ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кадамыңарды ийгилик коштоп, эл үмүтү акталсын. Бул шайлоодо эл өзүнүн жаш, жигердүү уул-кыздарын колдоп, сиздер мыйзамдуу түрдө парламентке келесиздер деп ишенем. Эң башкысы өлкөгө пайда келтирүү үчүн сиз сабаттуу болуп, мекенчилдик сезим жүрөгүңүздө ойноп, өз элиңизди сүйүшүңүз керек! Кыргызстандан башка мекенибиз жок!”

“Элдин баа жеткис ишенимин актоо – бул чоң жүк. Өзүбүз үлгү болуп, депутаттык наамга карата элдин жийиркеничин эмес, сыйлоосуна татыктуу кылышыбыз керек. Мен элдин бейпил жашоосу үчүн күрөшүү керек экенин абдан жакшы түшүнүп турам. Мамлекетибизге зыян келтиргендер менен өзүбүздү тобокелдикке салып күрөшүшүбүз керек. Артка кылчайбастан, алдыга умтулуубуз зарыл. Жаш муундун жана өлкөбүздүн жаркын келечегин биз гана түзүп бере алабыз!” – деген партиянын дагы бир жигердүү мүчөсү, активист Болот Ибрагимов шайлоого баруу чечими оңойго турбагандыгын айтты.

“Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы өзүнүн талапкерлерин онлайн праймериз аркылуу тандап алды. Партияга талапкер болуп кирүү үчүн жалпы 229 адам primarieskg.org  сайтына анкета толтуруп, катышуу ниетин билдирген. Бул катышуучуларга 5000ден ашык адам добуш берип, алдыңкы сапка чыккан катышуучулар талапкер катары катталды. Эрежеге ылайык, калган катышуучулар партияга мүчө болуп киргизилди. Ал эми, онлайн праймеризде одоно ыкмаларды колдонуу менен көбүрөөк добуш топтоого аракеттенишкен 14 талапкер тизмеден четтетилген.

Кошумча маалымат: «Эл Үмүтү» партиясынын негизги мүчөлөрү 2021-жылдын апрелинде өткөрүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна «Биздин Эл» партиясы менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештен 8 мандатка ээ болгон. Ал шайлоодо да шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер праймериз аркылуу аныкталган. Бирок, БШК шайлоодо мыйзам бузулду деген кине менен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра добуш берүүнү жарыялаган. “Биздин Эл” партиясы кайра шайлоого катышуудан баш тартып, Аскар Алмаз уулу баштаган активдүү жаштар парламенттик шайлоого даярдануу чечимин кабыл алышкан. Ушул жылдын август айында Аскар Алмаз уулу жаңы «Эл Үмүтү» социал-саясий партиясын каттоодон өткөргөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>