Site icon Reporter.kg

Элчилик: Москвада бычакталып каза болгон жигит Лейлек районунун тургуну болгон

Москванын так ортосундагы ооруканадан бычакталып каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин маалыматына караганда 24 жаштагы маркум Лейлек районуна караштуу Исфана айылында туулган.

Буга чейин кыргызстандык жигиттин бычакталып өлтүрүлгөндүгүн “Москва” жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына таянфп жазып чыккан.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, маркумга кара курткачан жана кара баш кийим кийген азият түспөлүндөгү эки адам бычак сайган. Полиция бул факты боюнча текшерүү баштаган.

Exit mobile version