«Элди уккула». «Ош» базардагы мыйзамсыз иш алып барган соодагерлер митингге чыгышты

«Элди уккула». «Ош» базардагы мыйзамсыз иш алып барган соодагерлер митингге чыгышты

Бишкектеги 100дөн ашык мыйзамсыз иш алып барган соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына «Элди уккула» деген чакырык менен митингге чогулушту.

Алар соңку эки күн аралыгында көчөлөрдү ирээтке келтирүү максатында аракеттер башталып, соода орундарынан четтетилип калганына нааразы. Бүгүн 5-февраль, 10:00дө Өкмөт үйүнүн алдына чогулган эл, бизге базар куруп бермейинче, ордубузду бошотууну талап кылбасын деген сунушу менен келишкен.

Соодагерлер сыртта соода кылуу ыңгайлуу жана базар ичинен сунушталган орундар аларды канааттандырбаганын айтышууда. Базар ичиндеги бир чарчы метрге төлөнө турчу 100-200 доллар карапайым калктын чөнтөгүнө таптакыр туура келбешин, күнүмдүк тапкан акчасы үй бүлөнүн тамак-ашынан, батир акысына араң жетерин билдиришти.

Өлкө башчыны биз шайладык, эми ал бизди угууга милдеттүү деген соодагерлер 4 саатка чейин эч ким чыгып, арыз- муңун укпаганын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>