Электр бөлүштүрүүчүлөр биригет

Электр бөлүштүрүүчүлөр биригет

Электр энергиясын үнөмдөө жана жүгүн азайтуу үчүн “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААК бөлүштүрүүчү компаниялар менен биригет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

“Биз 4 бөлүштүрүүчү компанияны жана “КУЭТ” ААКты бириктирип, оптималдаштырууну пландап жатабыз: “Түндүк электрдин” саясаты бир багытта, “Чыгышэлектронун” саясаты бир багытта, Ошто башка, Жалал-Абадда дагы башка. Мында «Чыгыш электр», “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектр” түйүндөрү аркылуу электр энергиясын керектөө Аламүдүн РЭСиндеги керектөөгө барабар. Ошол эле маалда бир РЭСте бир жетекчи жана бир башкы инженер иштей турган болсо, «Жалалабатэлектро», «Ошэлектро», «Чыгышэлектро» ишканаларында бүтүндөй бир башкы директор, анын үч орун басары, директорлор кеңеши, ревизиялык комиссиясы отурган болот. Мындай тарифтер менен кантип киреше болот?”, — деди ал.

Министр энергетикалык компанияларды бириктирүү сунушу Коопсуздук кеңешине мурда эле берилгенин кошумчалады.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>