Электрди үнөмдөө боюнча видеоролик чыкты

Электрди үнөмдөө боюнча видеоролик чыкты

Кыргызстан улуттук электр тармагы атайын видеоролик чыгарып, калкты электрди үнөмдөөгө чакырууда. Мындай маңыздагы видеоматериалды аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Видеороликте электрди үнөмдөө боюнча бир канча сунуштар берилген:

  1. Керексиз учурда жарыкты өчүрүү.
  2. Жарык берүүчү лампаларды энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу. Алардын иш мөөнөтү узак жана 10 эсе аз сарптайт.
  3. Электр алеттерин күтүү режиминде калтырбоо, аларды электр розеткасынан ажыратуу.

Мындан тышкары да жакшы сунуштарды видеороликтен көрсөңүз болот.

 

Мындай видео чакырыктардын жаралышына Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электрге болгон таңкыстыктын жаралуусу себеп болууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>