Электрондук тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасири

Электрондук тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасири

1-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында электрондук тамекилердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу сөз болду.

Тамекиге каршы күрөшүү боюнча координатор Рахатбек Мамыткожоевдин айтымында, кош бойлуу кезинде электрондук тамекилерди колдонууда жүрөктүн тубаса кемтиктери күчөп, плацентардык кан тамырлардын туруктуулугу, балалык жана кийинки курактагы гипертония оорусуна чалдыгуу коркунучу күчөйт.

Электрондук тамекилер ошондой эле эрте төрөлүү, өлүү төрөлүү жана неонаталдык апноэ (дем алуунун өзүнөн өзү токтоп калуу) коркунучун жогорулатат.

Учурда электрондук тамеки никотинин сатуу 32 өлкөдө тыюу салынган. Дагы 79 мамлекетте жарым-жартылай чектөө киргизилип, коомдук жайларда мындай өнүмдөрдү колдонууга, аларды жарнамалоого тыюу салынган.

Ошондой эле, адис мындай азыктарды колдонгон балдар келечекте тамекини дээрлик үч эсе көп колдоноорун белгиледи.

Электрондук тамекини колдонуу боюнча 2019-жылы Кыргызстанда 13-15 жаштагы 5 миң 447 мектеп окуучусунун катышуусунда сурамжылоо жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын жаштарынын тамеки чегүү боюнча глобалдык изилдөөсүнө ылайык, мектеп окуучуларынын 2,8%ы электрондук тамеки колдонорун, ал эми 5,1%ы мурда колдонгонун көрсөткөн. Сурамжылоого катышкан 48% окуучу курамында никотин бар азыктар дүкөндөрдө сатыла турганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>