«Эмгек» партиясынын лидери Мааткабылов: Катардагы партиялаштарга кандидаттыгын коюу укугун бердик

«Эмгек» партиясынын лидери Мааткабылов: Катардагы партиялаштарга кандидаттыгын коюу укугун бердик

-Ырысбек Шаршенбаевич, алдыдагы шайлоону утурлай, саясий айдыңда кайрадан активдүү сүйлөшүүлөр менен консультациялардын башталганы байкалат. Ал арада жаш партиялардын катарында болгон «Эмгек» партиясы башка партиялардан эмнеси менен айырмалана алат?

-10 жылдык тарыхы бар биздин партия негизделген күндөрдөн тарта эле жашоонун өзү менен бышыкталган бекем идеологиялык платформасы менен башка көндүм саясий партиялардан айырмаланып келет. Биздин партиянын артында эмгектин адамдары, иш адамдары, чыныгы инсандар турат. Дал ушул нерсе аны Кыргызстандагы башка саясий партиялардан өзгөчөлөнтүп турат. Ызычуулардан оолак болуп, жаңжалдуу иштерге аралашпаганы үчүн партия таркап кетпей ушул күнгө дейре келатат деген ишенимдемин. Биз саясий конъюнктураларга кылчайбастан катардагы партиялар сыяктуу кайсы бир саясий топтордун керт башынын кызыкчылыгы үчүн өз кызыкчылыгыбызды жоготуп жибербей, койгон максаттарыбызды утурлай келе жатканыбыз.

Ооба, учурда саясий айдыңда тилекке каршы жалпы коомчулукка чала тааныш болгон активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы чын. Бирок, мен биз өз жолубуз менен кетип баратканыбызды белгилеп кетким келет. Анын ичинде биз партиялык ячейкалардын, партиянын райондук бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруп, өзүбүздүн идеологиялык платформабызды талкуулап жаткан учурубуз. Албетте, биздин эшигибиз идеяларыбызды бөлүшкөндөр үчүн ачык. Ошондой эле биздин катарыбыз жаңы, прогрессивдүү, жаш лидерлер менен толукталып турмакчы. Бирок, ошол эле учурда биздин көңүл чордонубуз шаар тургундарына реалдуу, сапаттуу программабызды көрсөтүүдө болмокчу. Коомчулуктун бардык позитивдүү күчтөрүн топтоо менен шаарыбызды көрктүү, заманбап жана жашыл шаар кылуу үчүн биригип иштөөгө даярбыз.

— 11-апрелде боло турчу шайлоого жаңыланган «Эмгек» партиясынын төрагасы катары баратасыз. Эмне себептен бирикменин лидерин алмаштыруу чечими кабыл алынды эле?

— Ооба, алдыдагы шайлоодо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын катыштыруу чечимин съезд өткөрүү учурунда кабыл алганбыз. Партиянын райондук бөлүмдөрүнөн көрсөтүлгөн делегаттар партиянын саясий кеңешинин жаңыланган курамын бекитишкен болчу. Буга чейинки курам 2018-жылы шайланып, мөөнөтүнүн бүтүүсү менен ыйгарым укуктары да аяктап калган эле.

Менин талапкерлерлигим партиянын саясий кеңеши тарабынан көрсөтүлүп, делегаттарддын бир тараптуу чечими менен жактырылган болчу. Партиялаштарымдын мага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн абдан ыраазымын. Ошол эле маалда өтө чоң жоопкерчилик экенине да көзүм жетип турат. Өзгөчө алдыбызга ишке ашуусу чоң күчтүү жана берилгендикти талап кылган максаттар коюлган, партиянын жаңылануу жолу жана өнүгүү талабы турган учур оңой болбос. Пландарыбыздын ишке ашуусу үчүн болгон күчүмдү, билимимди жана тажрыйбамды жумшайм.

Жаңылануу жөнүндөгү чечимди өз убагында жана туура учурда кабыл алдык деп ойлоймун. Анткени, өлкө башынан оңой эмес саясий жана экономикалык кырдаалды өткөрүп жатпайбы. Анын ар бири ар бир кыргызстандыктын башынан өтүп, чечкиндүү, ошол эле маалда өтө терең ойлонулган чечимдерди талап ккылууда. Ошондуктан, буга биздин партия, анын жаңыланган жетекчилиги буга даяр деп айта аламын. Мен азырынча биздин программа менен идеяларды майдалап айтып бере албаймын, бирок, ошол эле маалда алардын биздин борбор үчүн өтө актуалдуу болоруна ишендирип кетким келет.

Сиз жаңылануу жөнүндө айтып жатасыз. Ал эми ал иш жүзүндө кандай болот?

-Бул өтө кызыктуу суроо болду. Партияга негизи кандай принциптер аркылуу биригишет? Бул биринчи кезекте кызыкчылыктардын коллективдүү корголуу принциби болуп саналат. Партиянын райондук бөлүмдөрүнөн баарынан кандидаттарды көрсөтүү ишин масштабдуу түрдө мобилизацияладык. Азыркы тапта жер-жерлерде партиялаштар арасында активдүү дискуссиялар жүрүп жатат. Жарандар болсо алардын кызыкчылыгын шаардык кеңеште ким натыйжалуу коргоп бере ала тургандыгын талкуулап жатышат. Борбордун эң көйгөйлүү маселелерин чечип бере алаарын талашууда. Биз бул укукту партиялаштарыбызга берип жатып, мындай ыкма «Эмгек» партиясынын кандидаттарынын сапаттуу тизмесин түзүүгө өбөлгө түзөт деп ишендик. Ал эми ал өз кезегинде эл ишенимине кирип, реформа жүргүзүү үчүн чечкиндүү кадам таштары чын.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>