“Эмгек” саясий партиясы жаңыланып, шайлоого катышууну чечти

“Эмгек” саясий партиясы жаңыланып, шайлоого катышууну чечти

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында “Эмгек” саясий партиясынын съезди өтүп, анда жергиликтүү кеңештердин жаңыланган курамындагы шайлоосуна катышуу чечими кабыл алынды.

Съезддин расмий түрдөгү бөлүгү Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруудан башталып, партиянын райондук бөлүмдөрүнөн көрсөтүлүп жаткан делегаттары саясий партиянын саясий кеңешинин жаңыланган курамын бекитишти.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири партиянын жаңы төрагасын шайлоо болду. Партиянын саясий кеңеши съезддин делегаттарынын бир тараптуу чечими менен шайланган Ырысбек Мааткабыловдун талапкерлигин сунуштады. Ал эми Жаныбек Абиров партиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Депутаттар андан сырткары мандаттык жана эсептик комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо менен курамы жети кишиден туруп, үч жылга шайлана турган саясий кеңешти жаңыртуу чечимин кабыл алышты. Саясий кеңештин мурунку курамы 2018-жылдын 27-январындагы Уставдын жоболоруна ылайык шайланып, иштөө мөөнөттү аяктагандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын токтоткон. Ошентип, жаңы саясий кеңешке Ырысбек Мааткабылов, Жаныбек Абиров, Олег Подобедов, Назгүл Мазекова, Жумабек Салымбеков, Токтосун Султанов жана Акжол Исаев шайланды.

Съезддин жүрүшүндө партиянын ардактуу мүчөлөрү, Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Шашрен Касенов жана тарых жана саясий илимдердин доктору, профессор, белгилүү коомдук ишмер Аалыбек Акунов сөз сүйлөштү. Алар партия жаңылануу жөнүндө чечимди өз убагында, башкача айтканда өлкөдөгү оор, бирок маанилүү саясий процесстердин учурунда кабыл алып жаткандыгын белгилешти. Партия мүчөлөрү жаш лидерлерин колдоп, партиянын катарын таза, иш билги жана эмгекчил жарандар менен толуктоого көмөктөшүшү керектигин баса белгилешти. Алар алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууда “Эмгек” партиясынын жаңы лидерлерине ийгилик каалады.

Ырысбек Мааткабылов жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, “Эмгек” саясий партиясын түптөп, өнүгүшүнө шарт түзүп берген партиянын буга чейинки жетекчилерине, мүчөлөрүнө терең ыраазычылыгын билдирип, алардын буга чейин кылган иш-аракеттерин, демилгелерин жаңы деңгээлде улантылаарын айтты.

“Бүгүн, партиянын саясий кеңеши, мени партиянын төрагасы болууга ишеним көрсөттү! Баарыныздарга терең ыраазычылык билдирем! Партиянын ишин алдыга жылдыруу үчүн бардык күч аракетимди, билимимди жана тажрыйбамды жумшайм”,- деп баса белгиледи Мааткабылов.

Төрага андан ары “Эмгек” партиясынын башка саясий бирикмелерден өзгөчөлүгүн айтып берди.

“Биздин партия 2011-жылы түзүлүп, жаш партия экенине карабастан өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө чоң салым кошуп келген саналуу партиялардын катарына кирээрин Кыргызстандыктар жакшы билишет”,- деди Ырысбек Мааткабылов.

Партия мүчөлөрүнүн алдыдагы шайлоого катышуу чечимине байланыштуу партиянын райондук бөлүмдөрү талапкерлерди ачыктан-ачык тандоо жана партиянын кезектеги съездине делегаттарды көрсөтүү жараянын баштай тургандыгын баса белгиледи.

Съезддин аягында партиянын жаңы мүчөлөрүнө партиялык билеттер тапшырылып, “Эмгек” саясий партиясынын расмий гимни аткарылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>