Эмилбек Жусупов: “Жаштарды жумуш менен камсыз кылып, аларды мекенге кайтарабыз”

Эмилбек Жусупов: “Жаштарды жумуш менен камсыз кылып, аларды мекенге кайтарабыз”

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын эң жаш талапкери Эмилбек Жусупов Ош шаарынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Ал Ош шаарынын «Кулатов» аймактык башкармалыгынын тургундары менен баарлашып, партиянын программасы менен тааныштырды. Тактап айтканда, Эмилбек Жусупов тышкы миграция көйгөйүнө токтолду.

«Мен өзүм төрт жылдан бери өлкөдөн тышкары иштеп, миграция көйгөйлөрүн жакшы билем» дейт Жусупов.

Анын айтымында, миграциянын негизги көйгөйүн жумушчу орундарды түзүү менен чечсе болот. Андан кийин гана жаштарыбыз мекенине кайтып келе алышат. Ички миграция көйгөйү жумушсуздуктан дагы курчуп жатат.

Жусуповдун айтымында, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу өтө маанилүү. Бул биринчи кезекте жумуш орундары менен камсыз кылат. Жаш экенине карабай калктын калың катмарындагы көйгөйлөрдү билген Эмилбек Жусупов бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жогорку Кеңешке аттанганын билдирди.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Кулатов районунун тургундары талапкерге жеңишке жетүүнү каалашты. «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын эң жаш талапкери Эмилбек Жусуповдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуулары уланууда.

[su_image_carousel source=»media: 40677,40680,40681,40682,40683,40684,40685,40686,40687,40688,40689,40690,40691,40692,40693″ crop=»none» autoplay=»4″]

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 13-сентябрь 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>