Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды

Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды

Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул туурасында Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекеме фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү дары-дармек каражаттарынын баасын төмөндөтүү багытында дары-дармек менен камсыздоо боюнча  бир катар чараларды ишке ашырган.

Биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн  500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө дүң жана чекене баалары мурунку баасын 10% дан 68% га чейин төмөндөтүлдү.

Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>