Энергетика министри сөгүш алды. Себептери

Энергетика министри сөгүш алды. Себептери

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевга Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Садыр Жапаров сөгүш жарыяланды. Ага Токтогул суу сактагычындагы бир гидроагрегаттын иштешин толук камсыздай албагандыгы жана көмүрдүн казылышын турукташтыра албагандыгы үчүн:

“5 айдан бери министр болуп иштеп келе жатасыз. 2 ай министрдин орун басары, ага чейин «Түндүкэлектро» ишканасынын жетектеп келдиңиз. Өмүр боюу ушул системада иштеп келе жатасыз. Эмне себептен ушул жаралган маселелерди өз убагында жасай алган жоксуз. Мисалы, көмүрдүн баасын турукташтыра албай келдиңиз. Ооба, түшүнүп турам, саботаж болду. Жетекчисин алмаштырып бердим, ӨКМдин болгон техникаларын киргизип бердим. Шартты түзүп бердик. Элге көмүрдү 3000-3500 сомдон кылдык. Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө сиздин жана ошол тармакта иштеген кызматкерлердин күнөөсү бар. Анткени, тууган-туушкандарын көмүр кампаларды ачтырып коюп 6000-7000 сомдон саттырдыңар. Ушуну көзөмөлгө ала алган жоксуз. Качан кана өзүм кийлигишпейин көмүр арзандаган жок. Туурабы? Ошондуктан, кызматкерлериңиздин коррупциялык моменттерин көзөмөлгө ала албагандыңыз үчүн сөгүш жарыялайм!” – деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>