Эпидкырдаал оор. Бишкекте кошумча стационарлар ачылат

Эпидкырдаал оор. Бишкекте кошумча стационарлар ачылат

Биринчи вице-премьер министр Артём Новиков өлкө аймагындагы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы, ошондой эле COVID-19 чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.

«Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Биз күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык.

Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25 ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», — деди Новиков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>