Эпкин — Башкууганды жолун кытай компаниясы салат

Эпкин — Башкууганды жолун кытай компаниясы салат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин — Башкууганды (89-159 км) тилкесин куруу ишин жакын арада баштоо пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төраганын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында аталган унаа жолдун курулушу менен таанышкан.

Ал белгилегендей, тендердик комиссиянын иши жыйынтыкталды, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталды.

«Учурда стратегиялык жактан маанилүү эсептелген жолду баштоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле каржылоо маселеси да чечилген.

Жолду оңдоо ишинин мөөнөтүнө гана эмес, аны аткаруу сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек. Сапат стандарттарына дал келбөө фактыларына жол берилбеши керек.  Жол элибиздин бакубаттыгы үчүн узак жылдар бою кызмат кылышы керек», — деп белгиледи Аалиев.

Белгилесек, 23-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тендеринин жыйынтыгы боюнча аталган долборду ишке ашырууга China Railway N: 5 менен келишимге кол коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>