Site icon Reporter.kg

Эркин Асрандиев куткарууга кеткен чыгымды төлөп берип, суучулдарга кийим белек кылды

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев өзүн куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат катчысы Бегимай Азимжанова  Фейсбукка жазды.

“Операцияга кеткен бардык чыгымдар калыбына келтирилди. Издөө иштерине жергиликтүү бийлик 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кыла жүргөн иши катары кеткен чыгымды калыбына келтирүүдөн баш тартты Эркин Шамшудинович аларга суучулдар кие турган кийим белек кылды”, — деп жазган Азимжанова.

Асрандиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу  куткаруу операциясына катышкандарга жана колдогондорго  ыраазычылык билдирген.

Белгилей кестек, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдүн түндүгүнөн түштүк жээкке сүзүп баратып катуу толкундан улам жоголуп кеткен. Саат экилер чамасында  Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээктен табылган. Куткаруу ишине 17 адам, 6 суучул тартылган.

Exit mobile version