Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпиондугунда 4 медаль утту

Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпиондугунда 4 медаль утту

Эркин күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 1 күмүш, 3 коло байге утту.

Турнир 17-18-апрель күндөрү орун алып, анда өлкө атынан 10 балбан катышкан.

Натыйжада Икромжон Ходжимуродов (61кг), Исламбек Орозбеков (70кг) жана Саякбай Усупов (79кг) коло байге жеңсе, Айаал Лазарев (125кг) күмүш медаль утту.

Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Азия чемпиондугунда 3 күмүш, 5 коло байге жеңген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>