Эртең өлкө аймагында жамгыр жаайт

Эртең өлкө аймагында жамгыр жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 18-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17°,

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18°,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24°,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13°,

Нарында түнкүсүн -2…6, күндүз 12…17°,

Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн  жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 15…17° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>