Эртең тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн

Эртең тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн

Эртең, 3-июлда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас  облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15 … +20 °C, күндүз +30 … +35 °C;

Таласта түнкүсүн +8 … +13 °C, күндүз +24 … +29 °C;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Эртең Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус болот.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>