Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

10-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 33…35°.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>