Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,

Нарын аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9..14, күндүз 24…29,

5-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 16….18°C.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>