Эрулан Көкүлов айыкбас ооруга кабылганын четке какты

Эрулан Көкүлов айыкбас ооруга кабылганын четке какты

Оору бар, бирок айыкпай турган дарт эмес. Бул тууралуу Эрулан Көкүлов алып баруучу Назира Айтбековага берген маегинде билдирди.

Көкүловдун айтымында, оорунун кесепетинен бат чарчайт, уйку жок жана көп иш менен алек боло албайт.

“Оору боюнча көп сүйлөшкүм келбейт. Оору бар, бирок айыкпай турган дарт эмес. Бул оору менен күрөшүп келе жатканыма 3 жыл болуп калды, Кыргызстандын медицинасы бул ооруну азырынча дарылай албайт экен. Эч кимге жукпайт. Досторум Германия менен Кореядан дарылануунун жолдорун издөөдө. Германияны алсак, толук текшерүүдөн өтүү эле 10 миң доллар болот экен. Кореяны болсо тактап жатат. Эгер чындап эле жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар болсо, анда мен алар менен ачыгын айтып сүйлөшкөнгө даярмын. Оору азыркы малда менин жашоомо чындап эле терс таасирин тийгизүүдө”, — деди Көкүлов.

Буга чейин бир катар басылмалар «Не Сахар» берүүсүнүн алып баруучусу Эрулан Көкүловдун айыкпас ооруга кабылганын жазып чыгышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>