Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго гранттык окууга сынак өттү

Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго гранттык окууга сынак өттү

Кечээ, 15-сентябрда Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү. Бул туурулуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>