Европа, АКШга ишке мыйзамсыз кетирип жаткан канал аныкталды

Европа, АКШга ишке мыйзамсыз кетирип жаткан канал аныкталды

Булар бир канча кишилерди жасалма документтер менен кетирип, Украинадан жолдон кайтышкан. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын  декбарь айында жумуш менен камсыз кылган  “PEACE” ЖЧКсына таандык жеке агенттик белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасап, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга жарандарды жумушка орноштуруу кызматын мыйзамсыз көрсөткөн.

Атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды. Учурда Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул фирмадан жабыр тарткандар болсо  (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25  чалып кабарлап коюңуздар  дейт кыргыз милициясы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>