Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аймактарды таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аймактарды таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчынын айтуусунда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери өлкөгө экономиканын ар түрдүү секторлоруна дээрлик 730 миллион АКШ долларын салган. Долбоорлордун учурдагы портфели азыркы тапта 184 миллион еврону түзөт, активдүү портфелдик 71 долбоор бар. Анын ичинен энергетикалык сектор — 5%, финансы институттары — 24% жана өнөр жай, соода жана агрардык тармак -18%. Ошол эле учурда жеке сектордун үлүшү дээрлик 53%.

Учурда Кыргызстанда экономиканын ар кыл багытында, саламаттык сактоо, шаардык инфраструктура, спорт жана туризм, транспорт, билим берүү, бажы логистикасы жана маданият тармактарында МЖӨнүн 23 долбоору ишке ашыруунун активдүү стадиясында. 23 долбоордун ичинен 3 долбоор жүзөгө ашырылып жатат, 12 долбоор даярдык стадиясында, ал эми 7 долбоор демилгелөө этабында болсо, бир долбоор жеке өнөктөштү тандоо стадиясында.

Премьер-министр ЕРӨБ өлкөдө МЖӨ өнүктүрүүгө жана ушул багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышаарына ишеним артаарын айтты.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ЕРӨБ өтө амбициялуу пландары бар – ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында эле  суу менен камсыз кылуу боюнча 28млн еврого, Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларындагы долбоорлорду ишке ашырууга 16 млн еврого гранттык каражатты кошкондо бирдиктүү 5 долбоорго кол коюу ниеттери бар экенин айтышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>