Facebook, Instagram жана WhatsApp бир нече саатка иштебей калды

Facebook, Instagram жана WhatsApp бир нече саатка иштебей калды

Facebook корпорациясына таандык Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенджери 4-октябрь күнү түштөн кийин дүйнө жүзү боюнча олуттуу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Down Detector сайты маалымдады.

Down Detector порталындагы маалыматка караганда, ондогон миллион колдонуучулар үчүн соцтармактар менен мессенжер беш саатка жеткиликсиз болуп турду.

Соцтармактар жана мессенжердин иштебей калганын дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде АКШ, Батыш Европа жана Россиядагы колдонуучулар кабарлашты.

Социалдык тармактар эмне себептен улам иштебей калгандыгы боюнча расмий маалымат жарыялана элек.

Соцтармактардын жана мессенжерлердин ишинде глобалдык көйгөй жаралганда АКШ биржаларындагы негизги индекстер түшүп кеткени айтылууда. Маселен, NASDAQ индекси эки пайыздан төмөн түшүп кеткен. Facebook корпорациясынын акциялары беш пайызга арзандаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>