Site icon Reporter.kg

Facebook сервистеринин ишиндеги мүчүлүштүк аныкталды

Facebook сервистеринин ишиндеги глобалдык мүчүлүштүккө техникалык бузулуулар себеп болду. Бул тууралуу компаниянын расмий билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, мүчүлүштүк Facebook’тун дата-борборлорунун ортосундагы түйүндүк трафиктин координациясы үчүн жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясы өзгөргөндөн кийин пайда болгон.

«Түйүндүк трафиктеги бул мүчүлүштүк маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорубуздун байланышуу жолдоруна каскаддык таасир эткен. Өз кезегинде бул биздин кызматтардын ишин токтотту», – деп жазылган билдирүүдө.

Facebook’тун өкүлдөрү бул үчүн колдонуучулардан кечирим сурашты.

Facebook сервистеринин ишиндеги глобалдык мүчүлүштүктөн улам АКШ биржасындагы негизги индекстер төмөндөп кетти. Алардын ичинде NASDAQ индекси 2% түшсө, Facebook корпорациясынын акциялары 5% арзандады.

Facebook корпорациясына таандык Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенджери 4-октябрь күнү түштөн кийин дүйнө жүзү боюнча олуттуу үзгүлтүккө учураган. 

Exit mobile version