Финансы министрлиги 506,4 млн доллар өлчөмүндө каражат тартууну пландаштырууда

Финансы министрлиги 506,4 млн доллар өлчөмүндө каражат тартууну пландаштырууда

Финансы министрлиги 506,4 млн доллар өлчөмүндө каражатты тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн министрдин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул билдирди.

«Бюджеттик колдоо үчүн максималдуу узак мөөнөткө жана аз пайызы менен 506,4 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты грант жана насыя түрүндө тартуу пландаштырылууда. Анын ичинен, 69,6 млн доллар – грант жана 436,8 млн доллар –кредит болуп, 319,2 млн доллары азыркы күндө Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түшкөн”, — деп билдирди финансы министринин орун басары.

Анын айтымында, Эл аралык валюта фондунун алкагында, Кыргызстан жалпы суммасы 241,95 млн долларды түзгөн эки траншты алган.

Биринчи транш 120,85 млн доллар өлчөмүндө Финансы министрлигинин Борбордук казынасына 2020-жылдын 31 –мартында келип түшкөн, ал эми экинчи транш 121,1 млн доллар өлчөмүндө – 2020-жылдын 12 майында түшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>