Финполиция: 1 млн сом пара менен «Ош Электронун» мурдагы жетекчиси кармалды

Финполиция: 1 млн сом пара менен «Ош Электронун» мурдагы жетекчиси кармалды

1 млн сом пара «Ош Электронун» мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, компаниялардын биринин жетекчиси «Ош Электро» ишканасынын жетекчилигине чара көрүп берүү өтүнүчү менен  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылган.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө аталган жеке компания келишим боюнча көрсөтүлгөн ишти аткарганы үчүн 6 миллион сомду которуу өтүнүчү менен  «Ош Электро» ишканасына кайрылган. Бирок ишкананын жетекчиси ал акчаны которуусу үчүн 1 сом пара талап кылган. 

Буга байланыштуу “пара талап кылуу” фактысы менен иш козголуп, 20-январда «Ош Электро» ишканасынын башкы директору Даминов Дыйканбай Исабаевич кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>