Футбол: Кыргызстан Бангладештин командасына экинчи ирет гол киргизди

Футбол: Кыргызстан Бангладештин командасына экинчи ирет гол киргизди

Кыргызстандын улуттук курама командасы футбол боюнча «Үч Улуттун Кубогунда» Бангладеш командасына экинчи голду киргизди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Алимардон Шүкүров 39 -мүнөттө топту атаандашынын дарбазасына киргизди.

Биринчи топ коноктордун торуна 10 -мүнөттө кирди. Аны Эльдар Молдожунусов киргизди.

Эске сала кетсек, 2-сентябрда Ак-Шумкар командасы Палестина командасын 1: 0 эсебинде утуп алган. Өз кезегинде палестиналык оюнчулар Бангладеш курама командасынан күчтүү болгон.

Кыргызстанда 2-7 -сентябрь аралыгында футбол боюнча «Үч Улуттун Кубогу» эл аралык турнири өтүүдө. Бул достук мелдеш биздин өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Катышуучулар — Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>