Футбол. Кыргызстандыктар Монголияга эки гол киргизди (видео)

Футбол. Кыргызстандыктар Монголияга эки гол киргизди (видео)

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга каршы оюнда 2 гол киргизгенге жетишти.

Алгачкы голду 15 минутада  8-номердеги Гүлжигит Алыкулов киргизсе, экинчи голду Мирлан Мурзаев 41 минутада киргизгенге жетишти. Ал экинчи ыргак менен уюшулган чабуулду таамай соккусу менен жыйынтыктады.

Азыркы тапта эсеп сандары 2-0. Биринчи тайм соңуна жетти.

Беттеш Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы борбордук стадионунда өтүүдө.

Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>