Гүлжайна Атаканова: Анжеликадай депутаттар керек, аттанса колдоп чыгам

Гүлжайна Атаканова: Анжеликадай депутаттар керек, аттанса колдоп чыгам

Ырчы Анжелика Кайратовага “Кыргыздын Баатыры” наамын берүү керек. Мындай демилгени куудул айым Гүлжайна Атаканова соцтармактагы баракчасы аркылуу сунуштады. 

Ал билдирүүсүндө Анжелика көптөгөн кайрымдуулук иштерин уюштуруп, бул наамга татыктуу болгонун жасзган.

“Сенин жасап жаткан жумуштарынды көрүп сендей күчтүү айым болгум келди.
Акты ак деп айтыш керек. Аты жаман ооруу КРды каптагандан бери 1күн дагы өзүн үчүн убакыт болбой Кыргыз элим деп куйүп жанып жүрөсүн. Чынын айтканда сага “КЫРГЫЗДЫН БААТЫРЫ”деген наам бериш керек. 1000деген адамдар Вирустан коркуп үйүнөн чыкпай жаткан күн да болду, эмне Анжеликага оору тийбей турган жаны темир беле. Бирок өз өмүрү коркунучта болсо дагы элим деп тыпылдып жүгүрүп иштеп жүрөт.
Мен бир нерсени баса белгилеп айтат элем Анжелика  миллиондогон адам өмүрүн сактап калганга көпүрө болду. Бул жумушту баштабаса, жасабаса билбейм дагы канча адам өмүрүнө коркунуч келет эле.

Анжелика мен депутаттыкка барбайм, жаш кандидаттарды колдойм дептир. Бирок кыргыз элине Анжеликадай эр жүрөк, күчтүү, эч нерседен коркпогон, кыргыздын көйгөйүн чечкен депутаттар керек. Анжелика депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам”,-деп жазган куудул айым.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>