Гүлжигит Алыкулов Европа лигасынын тандоо турунда гол киргизди, – видео

Гүлжигит Алыкулов Европа лигасынын тандоо турунда гол киргизди, – видео

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат” командасы менен УЕФАнын Европа лигасындагы дебюттук оюнунда гол киргизди.

Армениянын «Ноа» командасы менен «Кайраттын» беттешинде алгач эсепти армениялыктар 8-мүнөттө ачты. 12-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти теңеди. Мындай кийин “Кайраттын” оюнчулары Вагнер Лав 2 гол, Денис Дедечко 1 гол киргизип, казакстандык клуб 4:1 эсебинде жеңишке жетишти. 

Гүлжигит Алыкулов муну менен УЕФАнын мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды. 

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдешинин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.

Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу дагы эки тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.

https://www.instagram.com/p/CEZUyPCJ-aL/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>