Генштабдын короосунда куралданган аскер кызматкерлери чогулууда — видео

Генштабдын короосунда куралданган аскер кызматкерлери чогулууда — видео

Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын имаратынын алдында атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери даярданып жаткан видео Reporter.kg сайтынын телеграм каналына окурман жиберди.

Бүгүн, 5-октябрда саат 11, 12лер чамасында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын өкүлдөрү митингге чыгуусун билдиришкен. Учурда партиялар Бишкектеги борбордук аянтка чогулушууда.

Белгилей кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Биримдик” партиясы (24,53%) жана “Мекеним Кыргызстан” (23,9%)партиялары алдыга чыкты.

Андан кийин: “Кыргызстан” – 8,74%, “Бүтүн Кыргызстан” – 7,09%, “Мекенчил” – 6,85%, “Республика” – 5,81%, “Ата Мекен” – 4,04%, “Ыйман Нуру” – 3,35%, “Бир Бол” – 3,03%, “Чоң Казат” – 2,33%, “Замандаш” – 2,15%, “Социал-демократтар” – 2,12%, “Реформа” – 1,64%, “Мекен Ынтымагы” – 0,63%, “Ордо” – 0,22%, “Афганистандын ардагерлер партиясы” – 0,17%. 1,79% баарына каршы добуш берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>