Германиядан Кыргызстанга келаткан кыз Стамбул аэропортунан жоголуп кетти

Германиядан Кыргызстанга келаткан кыз Стамбул аэропортунан жоголуп кетти

Германиядан Кыргызстанга келаткан Данияр кызы Айчүрөк Стамбул аэропортунан жоголуп кетти. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматка караганда, Айчүрөк Германиянын Франкфурт аэропортунан  Turkish Airlines авиакомпаниясынын учагы менен 1-октябрь күнү Стамбулга саат 23:10дө учуп келген. Андан соң Бишкекке учуп келе турган кыз ошол бойдон байланышка чыккан эмс.

24 жаштагы Айчүрөк депрессиялык абалда болгонун анын туугандары айтышууда. Ал Стамбулга келген соң паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес. Видео байкоодон анын саат 23:20да аэропорттун аймагында болгону аныкталган.

Айчүрөктүн ата-энеси Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылышкан, бирок, кыздын кайда экени дагы деле белгисиз болууда.

Данияр кызы Айчүрөк тууралуу маалымат билсеңиз  0704444758 номуру аркылуу маалымат беришиңиздерди анын жакындары суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>