Гинесске карай 111 саат Манас. Жаңы рекорд

Гинесске карай 111 саат Манас. Жаңы рекорд

Гиннес китебине кирүүгө аракет жасап жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков 5 күндөн кийин манас айтуусун токтотту. Бул туурасында уюштуруучуларды бири Ырыс Окенова Reporter.kg ге билдирди. Анын айтуусунда, 111 саат манас айтты.

“Гиннес уюму менен сүйлөшүүлөрдү Солтобек Болотбеков жүргүзүүдө. Уюмдун талабы боюнча  манасчынын  5 күн бою толук видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш болчу, бардык манас айтуулары толугу менен видеого тартылып алынды” деди.


Ошондой эле атайын илимпоздордун  катышуусунда байкоо жүргүзүлүшү шарт болчу. Азырынча бул боюнча маалымат ачыктала элек. «Манасты» 5 күн, 5 түн айтып, бул аркылуу ал Гиннестер китебинде жаңы рекордду жаратууну пландаган. Гиннес уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде эки сааттык гана тыныгуу берилген.

Дөөлөт Сыдыков былтыр Бишкек шаарында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Кандайдыр мүчүлүштүктөрдөн  Гиннеске катталууга мүмкүнчүлүк болбой калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>