Москва РИИБдин улук тергөөчүсү пара менен кармалды

Москва РИИБдин улук тергөөчүсү пара менен кармалды

Москва РИИБдин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран сотко чейинки өндүрүштөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарганы үчүн жарандан акча талап кылган.

Издөө иштеринин натыйжасында Ж.Э.А. мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: гкнб МВД

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>