Хабиб Нурмагомедовго Мейвезер менен беттешүүгө 100 млн доллар сунушталып, ал баш тартты

Хабиб Нурмагомедовго Мейвезер менен беттешүүгө 100 млн доллар сунушталып, ал баш тартты

Дүйнөдөгү эң беделдүү UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго америкалык Флойд Мейвезер менен беттешүү үчүн 100 миллион доллар сунушталып, дагестандык мушкер андан баш тартып койду.

Бул тууралуу анын менеджери Али Абдель-Азиз айтканын Sportskeeda жазды.

Анын айтымында, мушкер баш тартуусунун себебин апасына берген убадасы менен түшүндүргөн. Эгер апасы уруксат берсе келе турганын да билдирген.

“Ал мусулман маданиятын карманат, биз энелерибизди сыйлайбыз, биз алардын ыраазычылыгысыз бейишке барбайбыз”, — деген Али Абдель-Азиз.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов апасы үчүн беттештерге чыгуудан баш тартканын айтып, эми турнирлерге чыккан жакындарын коштоп жана бир туугандары менен көп убакыт өткөргүсү келгенин айткан.

Билдирүүгө таянсак, келечекте Хабиб өзүнүн спорттун аралаш түрү боюнча мектебин түзүп, ага коронавирустан көз жумган атасы Абдулманап Нурмагомедовдун ысымын ыйгарууну көздөйт.

Хабиб Нурмаговмедов карьерасын 2020-жылдын октябрында америкалык Жастин Гэтжини жеңгенден кийин жыйынтыктаган. Ал профессионалдык карьерасында 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>