“Хан-Теңири” лагеринен 2 адамды өлтүрүп качып кеткен Смирнов кармала элек

“Хан-Теңири” лагеринен 2 адамды өлтүрүп качып кеткен Смирнов кармала элек

Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кетти делген Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу РЕПОРТЕР агенттигине облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

“Азыр Аксуу, Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы тоо кыркаларына атайын посттор коюлган. “Хан-Теңири” лагернинин аймаганда издөө иштери улантылууда. Шектүүгө карата мамлекеттик издөө жарыялангандыктан баардык чек ара бекеттерине багыттама берилген”, — деди Усубакунов.  

Басма сөз катчы ошондой эле, шектүү ошол аймакты жакшы билгендиктен анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарланган.  Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>