Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты (ВИДЕО)

Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты (ВИДЕО)

Бүгүн Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 62 килограмм салмакта катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалда беларусиялык Вераника Иванова менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова 4:4 эсебинде кыргыз спортчусунун пайдасына чечилди.Экинчи бөлүктө каршылашы 2 упай алып, эсепти 6:4 кылды. Андан кийин Тыныбекова атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишти камсыз кылды.

Ошентип Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>