Site icon Reporter.kg

Осло-2021: Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөткө жетпей утту — видео

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешинде Мария Оряшкованы бир мүнөткө жетпей утуп, чейрек финалга өттү.

76 килограмм салмак чен бирдигинде күч сынашкан атлеттердин 1/8 финалдык баскычындагы беттеши 10:0 эсебинде Медет кызынын таза техникалык артыкчылык менен аяктады. Айпери эми кийинки бөлүктө орусиялык Марина Суровцева менен күрөшөт.

Дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.

Exit mobile version