Милиция 4 кг. «апийими» менен кишини кармады

Милиция 4 кг. «апийими» менен кишини кармады

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатууга аракеттенген 39 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган.  Ал аркага асынып жүрүүчү рюкзагында 3 жарым килограммдан ашуун маңзаты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 3 кг 688 грамм “апийим” болгондугу тастыкталган. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык тергөө абагында. Азыркы учурда, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>