Санаага салган салык кодекси: Ишкерлер президентке кайрылды

Санаага салган салык кодекси: Ишкерлер президентке кайрылды

Кыргызстандын бизнес коомчулугу Салык кодексинин жаңы редакциясына байланыштуу президентке кайрылды. Ачык катта алар өзгөчө тынчсыздандырган бир катар жагдайларга көңүл бурушкан. Алардын арасында кошумча нарк салыгы да бар.

Салык кодексинин долбоорун иштеп чыгуу учурунда резидент эместердин кызматтарына КНСти киргизүү маселеси бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттери менен талкууланган эмес. Экономика жана финансы министрлигинин адистеринен алынган маалыматка караганда, бул өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер чет өлкөлүк компаниялар аткарган кызматтар жана иштер боюнча КНСти эсептөө механизмин колдонушат. Теориялык жактан алганда, бул КНСти жергиликтүү компания — салык агенти төлөйт жана чегерилүүгө тийиш, б.а., бюджетке каражаттын реалдуу түшүшү күтүлбөйт.

«Бул жол-жобо Салык кодексинин долбоорунда КНС төлөөчү катары катталган салык төлөөчүлөр үчүн, башкача айтканда, ири бизнес үчүн каралган. Чакан жана орто бизнес бул КНСти эсепке ала албайт жана тийиштүү түрдө бул кошумча жүк болуп калат», — деп айтылат кайрылууда.

Белгиленгендей, Салык кодексинин жаңы редакциясында агенттер жана базарлар үчүн жеткирүүчүлөрдүн товарларынын жана кызматтарынын бүткүл наркы боюнча салыктарды алуу коркунучу бар. Бирок чындыгында алар бул товарлардын ээлери эмес жана алардын салык салынуучу кирешеси электрондук соода процессин уюштуруу боюнча комиссия болуп саналат.

Мындан тышкары, бул субъекттер КНС боюнча кайтарым отчетторду берүүгө милдеттүү болот. Бул мыйзам долбооруна чакан жана орто бизнес субъекти бир салык төлөйт жана бир отчет берет дегенге жөнгө салуучу таасирдин анализи билдирүүгө түз карама-каршы келет.

«КНСтин механизми Кыргызстанда 2008-жылга чейин колдонулган жана аны администрациялоонун кыйынчылыктарынан жана бюджеттин реалдуу кирешелеринин жоктугунан жокко чыгарылган», — деп эскеришти бизнес коомчулук.

Бизнес чөйрө «Google’га салык» деп аталган нерсени шашылыш киргизүү, дистанциялык башкаруу үчүн механизмдердин жана инфраструктуранын жоктугу, ошондой эле, кайсы товарлар Google салыгына, кайсынысы кайра КНСке дуушар болот — түшүнүктөрдүн так бөлүнбөгөндүгү негизсиз кошумча нарк салыгынын көбөйүшүнө жана салык органдары менен талаш-тартыштарга алып келет деп эсептейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>